Эгер сен аларга (эки жүздүүлөргө «Мени менен урушка чыккыла!» деп) буюрсаң, «албетте, чыгабыз!» деп, Аллахтын аты менен, жан үрөп ант ичишет. (Аларга) айт: «(жалгандан) ант ичпегиле. (Силердин) моюн сунууңар белгилүү.[1] Аллах эмне амал кылганыңардан Кабардар». 1