жана ата-энесин (жетелеп падышалык) тактыга алып барды. (Ошондо) бардыгы ага сажда (таазим) кылып жыгылышты. (Анда Юсуф): «О, атаке! Бул менин мурунку (балалыгымдагы) түшүмдүн мааниси. Раббим ал түшүмдү акыйкатка айлантты. Ал мени зындандан чыгарганда, силерди ээн чөлдөн (аман-эсен) алып келгенде жана шайтан мени менен агаларымдын арасын бузгандан[1] кийинки кездерде мага (чоң) ихсан-жакшылык кылды. Чынында, Раббим каалаган ишти кылдаттык менен иш жүзүнө ашырып коюучу! Чынында, Ал - Билүүчү, Даанышман! 1