Иш чечилип, (тозокулар - тозокко, бейишилер - бейишке ажырап) калганда шайтан айтат: «Аллах силерге чын убада берген болчу.[1] Мен дагы силерге убада берип... аткарбай койдум.[2] Силерге (көргөзгүдөй) менин эч бир далилим жок эле. Болгону, мен чакырдым, силер чуркап келдиңер. Эми, мени эмес, өзүңөрдү айыптагыла. (Бүгүн башка түшкөн азаптан) мен силерди куткара албаймын. Силер да мени куткара албайсыңар. Бирок, мурун (дүйнө жашоосунда) мени (Аллахка) шерик кылганыңарды мен да мойнума албаймын (мен кудай эмесмин, Кудайдын шериги да эмесмин). Чынында, (бул жерде мен жана силерге окшогон) залымдарга кыйноочу азап бар». 1