(Ошондо) Фараондун туугандарынан болгон (жана) ыйманын жашырып жүргөн бир ыймандуу киши[1] айтты: «(Эмне, силер) «Раббим – Аллах» дегени үчүн эле, бир адамды өлтүрүп саласыңарбы?! Ал силерге Раббиңерден далил-баяндар алып келди го! Эгер ал жалганчы болсо, жалганы өз моюнуна! Эгер сөзү чын болуп калса, ал силерге убада кылган кээ бир азаптар башыңарга түшүп жүрбөсүн! Чынында, Аллах чектен чыккандарды, жалганчыларды туура жолго баштабайт! 1