(Бул) Аллах жана (Анын) пайгамбары тарабынан, чоң ажы күнү (Курман майрамы) болгондо адамдарга, Аллах жана пайгамбары мушриктерден таза (б.а. алардын алдында убада-милдеттенмеси жок) экенин жарыялап коюу![1] (О, мушриктер!) Эгер тообо кылсаңар, өзүңөргө жакшы (мал-жаныңарды сактап каласыңар). Эгер жүз бурсаңар, билип койгула, силер Аллахты алсыз калтыруучу эмессиңер. Ошондой эле (О, Мухаммад,) каапырларга жан ооруткан азаптын кабарын берип кой! 1