Эгер ушул (Куран) себептүү тоолор ордунан жылдырылып, жер талкаланып, өлүктөр сүйлөтүп жиберилсе да (болмок. Бирок, Аллах таала пайгамбарын колдоо үчүн мындай, үрөй учурган кереметтерди жибербей, акыл калчап, пикир менен кабыл алына турган маңыздуу аяттарды жиберди. Себеби:) бардык иш Аллахтын колунда. Эгер Аллах кааласа, адамдардын бардыгын туура жолго салып койо алаарын ыймандуу адамдар билишпейби?! Каапырлар (каапырчылыгын) токтотподу. (Ошондуктан,) аларга жасаган күнөөлөрү себептүү азаптар түшүүдө. Же болбосо, журттарына жакын жерлерге түшүүдө. Аллахтын убадасы (азабы) келди го! Чынында, Аллах убадасына кыянат кылбайт.