О, ыйман келтиргендер! Эгер Аллахтын жолунда (жихадга) жөнөсөңөр, (кимдин ким экенин) анык билип алгыла. (Коркконунан же урматтаганынан) силерге салам берген адамга, дүйнө жашоосунун (арзыбаган) нерселерин каалап: “Сен ыймандуу эмессиң!”- дебегиле. Аллахтын алдында көп олжолор бар. Мурун өзүңөр ошондой элеңер. Кийин Аллах силерди ардактуу кылды. Эми, (ишиңерди) анык билип жүргүлө! Албетте, Аллах силердин бардык ишиңерден Кабардар.[1] 1