Ал эми, (төмөндөгү) кишилерди өлтүрбөгүлө: силер менен араларында (тынчтык) келишими бар болгон коомдорго кошулуп алса. Же, силерге жана өзүнүн (каапыр) коомуна каршы согушууга жүрөгү ээ бербей, силердин алдыңарга келишсе. Эгер Аллах кааласа аларды силерден жогору кылып, силерге каршы согушкан болоор эле. Эми, эгер силерге катылбай, согуш жарыялабай, тынчтыкты сунуштап жүрүшсө, аларга каршы чыгууңарга Аллах силерге жол бербейт.