Яхудилерден кээ бирөөлөрү (Тоораттагы Мухаммад пайгамбар жөнүндөгү) сөздөрдү маанисинен башка мааниге бурмалайт жана (сени менен сүйлөшкөндө) динге сокку урушуп, тилин бурмалап: “Уктук жана күнөө кылдык”, “Бизди укпасаң да угасың” жана “Раина”[1] дешет. Эгер алар (сөздү бурмалабай!) “Уктук жана моюн сундук”, “Бизди укчу?”, жана “Унзурна” (бизге карачы?) деп айтканда өздөрүнө жакшы жана туура болмок. Бирок, Аллах аларга каапырлыгы себептүү каргыш жаадырган. Эми, бир аз гана бөлүгүнөн башкасы ыйман келтирбейт. 1