Силер үчүн Ибрахимде жана аны менен бирге болгон (ыймандуу) адамдард(ын жашоосунд)а өрнөк бар: Бир кезде алар (каапыр) элдерине «Биздин силерге жана силер сыйынган Аллахтан башка кудайларга тиешебиз жок. Биз силерге каапыр болдук! Эми, биз менен силердин араңарда, качан жеке-жалгыз Аллахка ыйман келтиргениңерге чейин түгөнгүс душманчылык жана жек көрүү жаралды!» деп айтышкан. Бирок, Ибрахимдин атасына карата: «Мен сизге (Аллахтан) кечирим сураймын. Сизге Аллах тарабынан (келе турган азаптан) эч нерсени кайтарууга кудуретим жетпейт» - деген сөзүн (өрнөк кылбагыла).[1] О, Раббибиз! Биз Сага тобокел кылдык, Өзүңө кайттык жана кайтып баруу – Өзүңө гана! 1