Ошентип, Аллахтын убадасы Акыйкат экенин жана Кыямат(тагы кайра тирилүү) болушунда шек жок экенин адамдар билсин деп (алардын сырын элге) билгиздик.[1] (Кийин, алар дүйнөдөн кайтыш болуп кеткенде,) ошондо, адамдар алардын маселесин өз-ара талаш-тартышка айлантышып, (кээ бирөөлөрү): «Алардын үстүнө күмбөз кургула! Раббилери аларды(н улук адам экенин) билет” - (дешсе) алардын чоңдору: «Булардын (мүрзөсүнүн) үстүнө мечит курабыз» - дешти.[2] 1