Силерге не болду, Аллах жолунда садака кылбайсыңар?! Акыры, асмандар жана жер мурасы Аллахка таандык го! Силердин эч кимиңер «Фатхтан»[1] мурун садака кылгандарга жана согушкандарга теңеле албайт. Алардын даражасы (фатхтан) кийин садака кылып, согушкандардан алда канча жогору. Ошентсе да, Аллах бардыгына сооп-сыйлык (бейиш) убада кылган. Аллах ишиңерден Кабардар. 1