Ал (Аллах) силерди бир жандан (Адам-Атадан) жараткан. Кийин аны менен тынчтанып, ырахат алсын деп, андан жубайын (Обо-Энени) жаратты. Анан (Адам Ата менен Обо Эненин урпактарынан) эки жуп кошулганда, жеңил жүктүү болуп, аны менен жүрө берди.[1] Ал эми (боюндагы) оорлошкон мезгилде (бала бүткөнүн билишип) Раббисине: “Эгер бизге жакшы (соо-таза) перзент берсең шүгүр кылуучулардан болор элек” деп дуба кылышты. 1