«Ал адамдар (өз убактысында) сабатсыз (жаза жана окуй албаган, эч кимден сабак окубаган, бардык илими Аллахтан келген) элчи-пайгамбарды ээрчишет. Ал ушундай пайгамбар: (жөөттөр менен христиандар) аны өздөрүнүн Тоорат, Инжилдеринде (аты) жазылуу экенин табышат. Ал аларды (өзүнө ээрчигендерди) жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарат. Аларга таза нерселерди адал, ыпылас нерселерди арам кылып, үстүнөн кыйынчылыктарын, оор ибадаттарын алып таштайт. Эми, ошол пайгамбарга ыйман келтирип, аны урматтап, ага түшүрүлгөн нурду ээрчиген адамдар, ошолор гана (тозоктон) кутулуучулар!»[1] 1