Анан Биз ал (Муса) үчүн тактайларга (адамдар муктаж болгон) бардык нерселерди, насаат сөздөрдү жана ар бир нерсенин баян-эрежелерин жазып бердик. Жана “Буларды бекем кармап, коомуңа буюр; андагы шариятка амал кылышсын!” (дедик). Эми, Мен силерге бузуку(лук кылып, Аллахтын балээ-азабына кабылган) адамдардын мекенин көргөзөмүн.