Оо, пайгамбар! Эгер аялдарга талак берчү болсоңор, «идда» мөөнөттөрүндө талак бергиле.[1] Анан идда мөөнөтүн эсептегиле жана Раббиңер – Аллахтан корккула! Анык бузук иш (зынаа) кылбаса, аларды үйүнөн чыгарып койбогула жана алар да чыгып кетишпесин! Булар – Аллахтын чектөөлөрү. Ким Аллах белгилеген чектен чыгып кетсе, өзүнө зулум кылган болот. Сен билбейсиң, Аллах ушундан (өкүмдөрдү сактагандан) кийин (эрди-катын үчүн бир пайдалуу) ишти болтурса ажеп эмес.[2] 1