Ал эми, (талагы берилген) аялдарыңардын арасында этек кир келбей калгандары (карыя жаштагылары) болсо жана («булардын идда мөөнөтү кандай болот?» деп) шектенсеңер, алардын иддасы - үч ай. Эми, (балакатка жетпеген же бир оору себептүү) тап-такыр этек кири келбеген аялдар болсо, (булардын иддасын да үч ай деп эсептейсиңер). Боюна бүтүп калган аялдардын идда мөөнөтү – төрөгөнгө чейин. Ким Аллахтан такыба кылса, анын ишин жеңилдетип койот.