О, адамдар! Раббиңерден корккула! Ал силерди бир жандан (Адам-Атадан) жаратып, андан (анын кабыргасынан) жубайын жаратып, анан ал экөөсүнөн көп аял-эркектерди таратты. Жана Аны(н ысымы) менен бири-бириңерден нерсе сурай турган Аллахтан корккула жана тууган-уруктардан (алыстап кетүүдөн) абайлагыла. Албетте, Аллах силерди Көзөмөлдөөчү.