Бир кезде Аллах бардык пайгамбарлардан, “Мен силерге китеп жана пайгамбарлык бергенден кийин силерге, пайгамбарлыгыңарды тастыктаган бир пайгамбар (Мухаммад) келсе, сөзсүз ага ыйман келтирип, дароо жардам бересиңер» – деп убада алды жана: “Макул болдуңарбы, ушунуңар менен Менин убадамды (мойнуңарга) алдыңарбы?” деди. Алар (бир добуштан): “Макул болдук” – дешти. (Анда Аллах): “Күбө болгула, Мен дагы силер менен бирге күбө болуучуларданмын” – деди.[1] 1