Аллах Өзүнүн пазилети себептүү берген (байлык, мансап, илим, ж.б.у.с.) нерселерден кызганган адамдар, бул жоругу өздөрүнө жакшы (пайда) деп ойлобосун. Бул алар үчүн жамандык: жакында, Кыямат күндө кызганган нерселери алардын мойнуна оролуп муунтат.[1] Асмандар менен жердин мурасы Аллахка таандык. Аллах силердин ишиңерден кабардар. 1