Ал китеп элдеринен турган каапырларды журттарынан биринчи сүргүн үчүн чыгарды. Силер (Оо, момундар, алардын чептери бекем болгондуктан) аларды чыгат деп ойлогон эмессиңер. Жана алар дагы (бийик) сепилдери өздөрүн Аллахтан коргоп калат деп ойлошкон. Анан Аллах(тын жазасы) аларга күтпөгөн тараптан келип, жүрөктөрүнө коркуу салды[1] эле, үйлөрүн өз колдору жана момундардын колдору менен талкалап киришти. Оо, акылдуу адамдар! (Бул окуядан) сабак алгыла! 1