Алардын баарын чогулта турган Күндө (Аллах) «О, жиндердин жамааты! Инсандардан (азгырганыңарды) көбөйтүп жибердиңер!» (дейт). Анан жиндердин (азгырыгына кабылган) инсандардан болгон достору (күнөөсүн мойнуна алып): “О, Раббибиз! Биз бири-бирибизден пайдаланган болчубуз. Эми, Өзүң бизге белгилеп койгон убакытыбызга (Кыямат сурагына) келдик” дешет. «Жайыңар тозок! - дейт (Аллах). Анда түбөлүк каласыңар! Аллах каалагандар гана (чыгарылат)» Чынында, сенин Раббиң Даанышман, Билүүчү.[1] 1