Ingia
Ingia
Ingia
Chagua Lugha

At-Tawba 9:108 لا تقم فيه ابدا لمسجد اسس على التقوى من اول يوم احق ان تقوم فيه فيه رجال يحبون ان يتطهروا والله يحب المطهرين ١٠٨

Ukurasa 204 · Juzuu 11

لَا
تَقُمۡ
فِيهِ
أَبَدٗاۚ
لَّمَسۡجِدٌ
أُسِّسَ
عَلَى
ٱلتَّقۡوَىٰ
مِنۡ
أَوَّلِ
يَوۡمٍ
أَحَقُّ
أَن
تَقُومَ
فِيهِۚ
فِيهِ
رِجَالٞ
يُحِبُّونَ
أَن
يَتَطَهَّرُواْۚ
وَٱللَّهُ
يُحِبُّ
ٱلۡمُطَّهِّرِينَ
١٠٨
Сен (о, Мухаммад,) ал мечитте (эч качан намазга) турбагын. Эң абалкы (өзүң келген) күндөн эле такыбалыктын үстүнө курулган (Кубадагы) мечит сен анда турууга ылайыгыраак. Анда (денесин жана рухун) тазартууну сүйгөн адамдар бар. Аллах таза-пакиза адамдарды сүйөт.
Endelea Kusoma

Soma Tafsir

Ibn Kathir (Abridged)

Masjid Ad-Dirar and Masjid At-Taqwa

The reason behind revealing these honorable Ayat is that before the Messenger of Allah ﷺ migrated to Al-Madinah, there was a man from Al-Khazraj called "Abu `Amir Ar-Rahib (the Monk)." This man embraced Christianity before Islam and read the Scriptures. During the

…

Masjid Ad-Dirar and Masjid At-Taqwa

The reason behind revealing these honorable Ayat is that before the Messenger of Allah ﷺ migrated to Al-Madinah, th

…
Tazama Tafsir

Soma katika Muktadha

100. Мухажир жана ансарлардан турган алдыңкы саптагы эң биринчилер жана ошолордун изинен эң сонун ээрчип бара жаткандардан Аллах ыраазы болду, алар дагы Аллахтан ыраазы болушту. Жана Аллах аларга, астынан дарыялар аккан, түбөлүк калуучу бейиштерди даярдап койду. Бул – чоң жеңиш! 101. (Оо, Мухаммад) тегерегиңердеги бедуиндерден жана Медина элдеринен турган мунафыктар эки жүздүүлүгүн токтотпой жатышат. Аларды сен биле албайсың. Биз билебиз. Биз аларды эки ирет (бул дүйнөдө да, аркы дүйнөдө да) азаптайбыз. Кийин алар (кыяматта) чоң азапка (тозокко) кайтарылышат. 102. Жана башкалары (мунафык эместер) өз күнөөлөрүн моюндарына алышып, жакшы иштерине башка жаман (күнөө) иштерин да аралаштырып жүрүшөт. Аллах алардын тооболорун кабыл алып калса ажеп эмес. Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу. 103. «(О, Мухаммад!) Сен алардын мал-мүлкүнөн аларды (сараңдыктан жана башка күнөөлөрүнөн) тазалай турган жана алдарды(н байлыгын, адеп-ахлагын, Акыреттик сообун) өстүрө турган (зекет) садакасын ал. Жана алар үчүн дуба кыл. Чынында сенин дубаң - алар үчүн бейпилдик. Аллах - Угуучу, Билүүчү». 104. Алар (тообо кылбай, садака бербей жүргөн күнөөлүүлөр) Аллах пенделеринен тообону жана садакаларды кабыл алышын билишпейби? Чынында, Аллах - тооболорду кабыл алуучу (жана) Ырайымдуу. 105. Жана айткын: “(Эй, жихаддан калган пенделер! Аллахты ыраазы кыла турган) амалдарды жасап калгыла. Аллах амалыңарды көрүп турат. Жана анын пайгамбары менен ыймандуулар дагы (амалыңарды көрүп турушат). Силер жакында (кыяматта) кайыпты да аныкты да Билүүчүнүн алдына кайтарыласыңар. Анан Ал силерге бардык ишиңердин кабарын билдирет. 106. Дагы башкалар (эки жүздүү эмес, бирок согуштан себепсиз калгандар) бар. Алар Аллахтын өкүмүнө: же жазалоосуна же тооболорун кабыл алуусуна калтырылгандар. Аллах - Билүүчү, Даанышман! 107. Дагы ушундай кишилер бар, алар (Исламга) зыян жеткирүү үчүн, каапырчылык(ты күчөтүү) үчүн, момундардын арасын бөлүп-жаруу үчүн жана да мындан (бир аз) мурун Аллах жана Анын пайгамбарына каршы күрөшкөн адамга жардам берүү үчүн мечит курушту жана “биз жакшылыкты (ал мечитте кедейлерге кайрымдуулук көргөзүүнү) ниет кылган элек” деп ант ичишти. Аллах алардын жалганчы экенине күбөлүк берет. 108. Сен (о, Мухаммад,) ал мечитте (эч качан намазга) турбагын. Эң абалкы (өзүң келген) күндөн эле такыбалыктын үстүнө курулган (Кубадагы) мечит сен анда турууга ылайыгыраак. Анда (денесин жана рухун) тазартууну сүйгөн адамдар бар. Аллах таза-пакиза адамдарды сүйөт. 109. Ким жакшыраак? Өзүнүн имаратын Аллахтан коркуунун жана ыраазычылыгынын үстүнө курган адамбы, же болбосо, кулап-көчүп бараткан жардын кырына куруп, анысы менен бирге өзү да тозок отуна кулаган адамбы?! Аллах залым коомдорду туура жолго баштабайт! 110. Алардын (мунафыктардын) “курулуш-(имарат)тары” тээ жүрөктөрү (бушайман-тоободон) барчаланып кеткенге чейин жүрөктөрүндө шек-күмөн болуп кала берет. Аллах – Билүүчү, Даанышман.

- Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov

Endelea Kusoma

Maelezo na Tafakari

Huna maelezo au tafakari yoyote kuhusu aya hii.

Notes placeholders

Endelea Kuungana na Qur'ani ❤️

Vikumbusho vifupi vyenye maana vinavyoweka upya maisha yako, kukusaidia kutafakari na kuendelea kushikamana na Qur'ani.

Soma, Sikiliza, Tafuta, na Tafakari Qur'ani

Quran.com ni jukwaa linaloaminika na linalotumiwa na mamilioni duniani kote kusoma, kutafuta, kusikiliza na kutafakari kuhusu Qur'ani katika lugha tofauti. Inatoa huduma za tarjuma, tafsiri, vikariri, tarjuma ya neno kwa neno, na zana za ufahamu wa kina, kuifanya Qur'ani ipatikane na kila mtu.

Kama mbinu ya Sadaqah Jariyah, Quran.com imejitolea kusaidia watu kuunganishwa kwa kina na Qur'ani. Ikiungwa mkono na Quran.Foundation , shirika lisilo la faida la 501(c)(3), Quran.com inaendelea kukua kama rasilimali ya bila malipo na yenye thamani kwa wote, Alhamdulillah.

Chunguza
Nyumbani
Redio ya Qur'ani
Wasomaji
Kutuhusu
Watengenezaji
Sasisho za Bidhaa
Maoni
Msaada
Changia
Miradi Yetu
Quran.com
Quran For Android
Quran iOS
QuranReflect.com
Quran.AI
Sunnah.com
Nuqayah.com
Legacy.Quran.com
Corpus.Quran.com
Miradi isiyo ya faida inayomilikiwa, kusimamiwa, au kufadhiliwa na Quran.Foundation
Viungo Maarufu
Dua kutoka Quran
Aya ya Quran ya Siku
Ayatul Kursi
Yaseen
Al Mulk
Ar-Rahman
Al Waqi'ah
Al Kahf
Al Muzzammil
Ramani ya tovutiFaraghaSheria na Masharti
© 2026 Quran.com. Haki Zote Zimehifadhiwa
Changia