Бирок, (о, Мухаммад!) китеп ээлеринин арасынан илимде терең болгондору жана сага түшүрүлгөн нерсеге (Куранга), сенден мурун түшүрүлгөн китептерге ишенген момундары, (айрыкча) намазды (толук) окугандары, зекетти бергендери жана Аллахка, Акырет Күнүнө ыйман келтиргендери бар. Ошолорго биз жакында үлкөн сооп-сыйлык беребиз.