Оо, ыйман келтирген пенделер! Менин жана өзүңөрдүн душманыңарды дос тутпагыла! Силер аларга достук (катын) жиберип жатасыңар. Алар силерге келген Акыйкатка каапыр болушкан! Силерди жана пайгамбарды Аллахка – Раббиңерге ыйман келтиргениңер үчүн гана (Меккеден айдап) чыгарышууда! Эгер силер Менин ыраазычылыгымды гана үмүт кылып, Менин Жолумда гана жихад кылуу үчүн чыккан болсоңор (аларды дос тутпагыла!) Силер болсо, жашыруун достошуп жатасыңар! Мен силердин ичиңерге катканыңарды да, ашкере кылганыңарды да эң жакшы билемин! Силерден ким муну жасаса, ал Түз Жолдон адашыптыр![1] 1