Бүгүн силерге (бардык) таза нерселер адал кылынды. Жана китеп берилген элдердин тамагы силер үчүн, силердин тамагыңар алар үчүн адал кылынды. Жана силерге момун-мусулмандардын таза-аруу аялдары менен китеп ээлеринен болгон таза (сойку эмес) аялдар(га үйлөнүү) адал кылынды. (Мунун шарты:) эгер махырын берип, зына кылбай, ойнош тутпай, ак никелеп алсаңар. Ал эми, ким ыйманга каапыр болсо,[1] анын амалдары (ибадаттары) күйүп кетет жана Акыретте зыян тартуучулардан болот. 1