(О, Мухаммад!) эстегин, Биз периштелерге: «Адамга сажда кылгыла» дегенде, бир Иблистен башка бардыгы сажда кылышты. Ал жиндер тайпасынан эле. Раббисинин буйругуна каршы чыкты. Эми, силер Мени таштап, ошол Иблис менен анын укум-тукумдарын өзүңөргө дос-башчы кылып жатасыңарбы?! Алар силердин душманыңар го! Залымдардын (Дос-Раббини душман-шайтанга) алмаштырганы кандай жаман![1] 1