Алар (мусулмандар) өз мекендеринен акыйкатсыздык менен, бир гана «Раббим – Аллах» деген сөздөрү үчүн гана (куулуп) чыгарылган эле. Эгер Аллахтын кээ бир (залим) адамдарды башка бирөөлөрү(нүн күчү) менен тыйып туруусу болбогондо, ибадатканалар, чиркөөлөр, синагогалар жана анда Аллахтын ысымы көп эскериле турган мечиттер талкаланып кетмек.[1] Өзүнө (динине) жардам бергендерге Аллах да жардам (жеңиш) берет. Албетте, Аллах Кубаттуу, Кудуреттүү! 1