Жакшылык жүзүңөрдү Чыгыш жана Батышка бурушуңар эмес. Бирок, жакшылык – Аллахка, Акырет күнүнө, периштелерге, китепке, пайгамбарларга ишенген, өзү жакшы көргөн мал-дүйнөсүн тууган-уруктарга, жетимдерге, жакырларга, мусапырларга, (муктаж болуп) сурагандарга, башын азат кылууну каалаган кулдарга садака кылган, намазды толук аткарган, зекетти төлөгөн, убадалашканда убадасында бекем турган жана кембагалдык, оору-сыркоо жана согуш убакыттарында сабырдуу болгон адамдар(дын ыймандуу пейилдери).[1] Мына ушулар (өз ыймандарында) чынчыл жана ушулар гана такыба кишилер! 1