Же болбосо алардын (Аллахка) шерик кошкон «кудайлары» барбы (жана алар) Аллах уруксат бербеген динди аларга Шарият кылып беришеби?![1] Эгер («Алардын жазасы Кыяматта берилет» деген) чечүүчү сөз болбосо, алардын арасында (ушул дүйнөдө эле, өлүм менен) өкүм кылынмак. Чынында залымдарга жан ооруткан азап бар! 1