О, ыйман келтиргендер! Аллах арам кылган нерселерди, “шахрул харам” айларын(да кан төгүүнү), Аллахка арналган белек жаныбарларды (өлтүрүүнү жана уурдоону), ошондой эле, (таанылып туруусу үчүн) алардын мойнуна асылган мончокторду[1] (үзүүнү) жана Раббисинин артыкчылык, ыразычылыгын тилеп, Байтул-Харамды көздөй жолго чыккан кишилерди (өлтүрүүнү) өзүңөргө адал кылып албагыла! Ал эми, ихрамдан чыккан соң аң уулай бергиле. (Силерге зулум кылган) бир (мусулман) коомду жаман көрүүңөр, аларды Масжид - Ал-Харамга киргизбей коюуга жана аларга душмандык кылууга силерди мажбурлабасын. Жакшылык жана такыба иштерде бири-бириңерге жардам бергиле. Душмандык жана күнөө иштерде бири-бириңерге жардам бербегиле. Аллахтан корккула! Аллахтын азабы катуу! 1