О, ыйман келтиргендер! Ихрамда турганыңарда аңчылык кылбагыла! Кимиңер билип туруп аны өлтүрсө, жазасы - өзүнүн (төө, уй, кой-эчки сыяктуу) жандыктарынын арасынан өлтүргөнүнө тең болгонун Каабага жеткирилип (союлчу) белек катарында тандайт. Бул ишке (тандоого) өзүңөрдүн араңардан эки адилеттүү киши калыс өкүмдарлык кылат.[1] Же болбосо (экинчи жазасы) - жакыр-кедейлерди тамактандыруу[2] же ушуга тең[3] орозо кармап берүү, кылмышынын жазасын тартышы үчүн. Аллах өткөн ишти кечирди. Ал эми, ким (арам ишке) кайтса, Аллах андан өч алат. Аллах Кудуреттүү, өч алуучу. 1