Аллахтын жолунда чындап (бүт мүмкүнчүлүгүңөр менен) жихад кылгыла. (Себеби) Ал силерди тандап алды. Ал силер үчүн диниңерди оор, кыйынчылыктуу кылган жок.[1] (Силерге буюрулган дин) атаңар Ибрахимдин дини. Ал (Аллах) силерди мындан мурда (түшкөн китептерде) жана мында (Куранда) да «мусулмандар» деп атады, пайгамбар силерге күбө болушу үчүн, силер (башка) адамдарга күбө болушуңар үчүн.[2] Эми, намазды толук окугула, зекетти бергиле жана өзүңөрдүн (чыныгы) Кожоюнуңар - Аллахка бекем (ыклас менен) байлангыла! Ал не деген жакшы Кожоюн жана кандай жакшы Жардамчы! 1