(Оо, пайгамбар!) Аларды туура жолго салуу сенин колуңда эмес. (Сен болгону аларга чындыкты жеткирүүчүсүң.) Бирок, Аллах Өзү каалаган пендесин туура жолго баштайт. (Оо, ыймандуу пенделер) кандай жакшылыкты (мүлктү) садака кылсаңар – ал өзүңөрдүн пайдаңарга. (Эгер чыныгы ыймандуу болсоңор) Аллахтын Жүзүн үмүт кылып гана садака кыласыңар.[1] Жана кандай гана жакшылыкты садака кылсаңар, силерге зулум кылынбаган абалда (сообу) өзүңөргө толук кайтарылат. 1